«Караван-2» соода борборунун токтотулган курулушу уланууда (видео)

«Караван-2» соода борборунун токтотулган курулушу уланууда (видео)

Бишкектеги Сыдыков 131 дареги боюнча жайгашкан турак үйүнүн жашоочулары «Караван-2» соода борборунун токтотулган курулушу уланып жатканын билдирип, нааразычылыгын билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган соода борбору көп кабаттуу турак үйгө өтө жакын курулуп, анын чуңкуру казылганда, турак үйдүн пайдубалы көрүнүп калган.

Ага байланыштуу аталган турак үйдүн тургундары коңгуроо кагып, соода борбору нормаларды бузуу менен курулуп, алардын өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын айтып чыгышкан. Көп өтпөй казылган чуңкурдун айынан жанаша турган үйдүн бышкан кыштын тургузулган тосмосу кулап калган.

Бул маселе боюнча турак үйдүн тургундары президентке, өкмөт, мэрияга кайрылуу жасашкан.

Андан соң жерине Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкерлери жана калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров барып, териштирүү болорун, ал убакытта курулуш токтотулуп турарын билдиришкен.

17-мартта Reporter.kg’ге аталган үйдүн жашоочулары кайрылып, курулуш токтобой уланып жатканын билдиришти.

«Курулуш тиешелүү нормалар сакталбай жүрүп жатат. Мэр (Эмилбек Абдыкадыров – ред.) курулуш болгон жерге келип, аны токтоткон. Комиссия түзүп, бардык документацияны текшерүүнү тапшырган. Бирок курулуш уланып жатат», — деп билдиришти алар.

Бул боюнча Мамлекеттик курулуш агенттигине кайрылганыбызда, курулуп жаткан объект боюнча мэрия комиссия түзүп иш алып барып жатканын, маалыматты калаа башчылыгы берерин билдирди.

Комментарий алуу үчүн мэрия менен байланышканыбызда, маалыматты тактап берерин айтышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>