Футбол боюнча Дүйнөлүк Чемпионат: Мьянма менен Кыргызстан качан беттешет?

Футбол боюнча Дүйнөлүк Чемпионат: Мьянма менен Кыргызстан качан беттешет?

Футбол боюнча 2022-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Мьянма менен Кыргызстандын курама командаларынын беттеши 30-мартта Мандалай шаарында өтөт. Бул тууралуу Prosports.kg. жазды.

Бул беттеш Кыргызстандын курама командасы үчүн коронавирустук пандемиядан улам келип чыккан аргасыз тыныгуудан кийинки биринчи беттеш болот.

Жолугушуу Мандалар Тири стадионунда болот. Баштапкы ышкырык Бишкек убактысы боюнча саат 17: 30да жаңырат.

Азия Футбол Конфедерациясы ошондой эле тандап алуу турунун беттештерин конокто же борборлоштурулган форматта аяктоо мүмкүнчүлүгүн жарыялады. 2-турдун матчтары АФКнын мелдеш комиссиясы белгилеген мөөнөттө аяктаган жок болсо, иш-чаранын мындай өнүгүшүнө жол берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>