Футзал боюнча Кыргызстандын жана Өзбекстандын улуттук курамдары жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футзал федерациясынан кабарлашты.
Беттеш кечээ, 17-ноябрда Ташкент шаарында өткөн. Анда 2:1 эсеби менен өзбек курамасы жеңишке жетишкен.
Кыргызстандын жалгыз голун Нурсултан Абдылдаев киргизген.
Бүгүн, 18-ноябрда кыргыз курамасы Тажикстан менен жолдоштук беттеш өткөрөт.
Оюн Бишкек убактысы боюнча 17:00дө башталат.