Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндө экинчи ирет “Аптанын оюнчусу» деп табылды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Алыкуловдун Казакстан Премьер-лигасындагы “Жетису” клубуна киргизген голу жана голдук топ ашыруусу добуш берүүгө коюлган.
АФКнын сайтындагы мыктыны аныктоодо биринчи орунга Гүлжигит Алыкулов чыгып, күйөрмандардын 51,21 пайыз добушун алган.
Белгилей кетсек, 3-мартта Казакстан Суперкубогунун жарым финалында “Кайрат” жана “Тобол” командалары беттешип, Алыкулов голдук топ ашырып жана кошумча мүнөттө гол киргизүү менен эсепти 3:3 кылып теңеген. Бул көрсөткүчү менен 20 жаштагы футболчу “Жуманын оюнчусу” наамына татыган.