“Алганын” оюнчусу Темирболот Тапаевдин алыстан тээп киргизген голу футбол боюнча өлкө чемпиондугунун март айындагы кооз голу деп табылды. Бул тууралуу Кыргыз кесипкөй футбол лигасынан билдиришти.
Кыргыз Премьер-лигасынын алгачкы турундагы Темирболот Тапаевдин “Илбирстин” дарбазасына киргизген голу добуш берүүнүн жыйынтыгы менен март айындагы кооз гол деп табылды.
Ал эми март айынын мыкты голуна төрт оюнчу күч сынашкан:
- Темирболот Тапаев (“Алга”);
- Мирбек Ахматалиев (“Каганат”);
- Ирисдавлат Хакимов (“Абдыш-Ата”);
- Абай Боколеев (“Дордой”).
Белгилей кетсек, айдын мыкты голу наамын жеңгендер, сезондун соңунда жылдын мыкты голу наамы үчүн ат салышат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram