Site icon Reporter.kg

Гарвардка окууганы кеткен Дастан Догоев министр болуп дайындалды

Дастан Догоев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Дастан Догоев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан 2020-жылдын 10-июнунда кеткен. Ал өз чечмин Гарвард университетинин мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурасына тапшырганы менен байланыштырган. Ошол эле учурда кызматтан кеткени менен санариптештирүү маселеси боюнча президенттин кеңешчиси бойдон каларын билдирген.

 

 

 

Exit mobile version