Грузия парламенти Саакашвили 30 килограммга арыктаганын билдирди

Грузия парламенти Саакашвили 30 килограммга арыктаганын билдирди

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили дээрлик бир жыл абакта 30 килограммга арыктаганын депутат Коба Накопия саясатчыны клиникада көргөндөн кийин билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда,  депутат  Грузиянын экс-президенти менен жолугуп чыккан.

«Кармалган күндөн бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан бир топ, болжол менен 30 килограммга арыктап кеткен. Өзүн жакшы сезбей жатканы көрүнүп турат, ден соолугу көңүл бурууну гана талап кылбастан, кооптондурат. Аны чет өлкөдөгү адистештирилген клиникага которуу керек. Ал жактан тиешелүү жардам көрсөтүлөт», — деди ал.

2021-жылы саясатчы банкирди өлтүрүү жана депутатты сабап салуу боюнча алты жылга эркинен ажыратылган. Ал ошондой эле чек араны мыйзамсыз кесип өткөн, бюджеттик каражатты кымырып алган жана 2007-жылы оппозициянын митингин таркаткан деп айыпталган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>