Хабиб Нурмагомедовдун атасы: Биз эң күчтүүлөрдү уттук, мындан дагы күчтүүлөр менен беттешүүгө даярбыз

Хабиб Нурмагомедовдун атасы: Биз эң күчтүүлөрдү уттук, мындан дагы күчтүүлөр менен беттешүүгө даярбыз

Хабиб Нурмагомедов менен Дастин Порьенин беттеши 6-7 сентябрга караган түнү БАЭнин борбору Абу-Дабиде болот. Бул беттеште Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов улуунун гонорары Конор Макгрегор менен болгон беттештегиден дагы 3 эсе көп боло турганын айтты.

Ал эми Хабиб Конор менен болгон беттеште 2 миллион доллар гонорар алган.

«Биз өзүбүздүн баабызды жакшы билебиз жана майда нерсе үчүн согуша бербейбиз. Ал эми Макгрегор менен болгон беттештеги гонорар бизге азыр аздык кылат. Биз эң күчтүүлөрдү уттук, мындан дагы күчтүүлөр менен беттешүүгө даярбыз. Биз атактуу экенибизди дагы билебиз. Муну сиздер залга чыкканда Хабибди жана Порьени эл кандай тосуп алганынан улам эле билсеңиздер болот» – деп билдирди Хабибтин атасы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>