Site icon Reporter.kg

Рейтингдик мелдеш: Тыныбекованын атаандаштары белгилүү болду

62kg WW - Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ) df. Orkhon PUREVDORJ (MGL)

Хорватияда 10-14-январда өтө турган Zagreb Open рейтингдик мелдешинде кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбековага (62 кг) атаандаштык кыла турган спортчулардын аттары белгилүү болду.

Тыныбекова күрөшкөн 62 кг салмакта мелдешке катыша турган жалпы 27 спортчунун тизмеси берилген. Алардын арасында былтыр дүйнө чемпионатында күмүш байге тагынган япониялык Сакура Мотоки бар. Ал былтыр Zagreb Open мелдешинде алтын медаль уткан.

Ошондой эле Тыныбековага атаандаштык кыла турган балбан кыздардын арасында дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин эки жолу уткан америкалык Кайла Миракл, бейтарап туунун алдында күрөшө турган Алина Касабиева бар. Былтыр Poddubny Wrestling League-5 мелдешинде Тыныбекова Касабиевадан жеңилүү ызасын тарткан.

Азырынча кайсы спортчу ким менен күрөшө турганы белгилүү боло элек. Тыныбекова 12-январда таймашка чыгат.

Эскерте кетсек, былтыр Айсулуу Тыныбекова Zagreb Open мелдешиндеги биринчи беттешинде кытайлык спортчуга жеңилип, бул турнирде байгесиз калган. Аталган мелдеш Тыныбекова медалсыз калган жалгыз турнири болгон. Андан кийинки катышкан 5 мелдешинде Тыныбекова 4 алтын, 1 коло байге уткан.

Zagreb Open мелдешиндеги Айсулуу Тыныбекованын атаандаштары:

Тыныбекова баштаган балбан кыздар Хорватиядагы мелдешке катышат (видео)

Exit mobile version