Дайырбек Орунбеков негативдүү маалымат таратпоого чакырды

Дайырбек Орунбеков негативдүү маалымат таратпоого чакырды

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков туризмди өнүктүрүүдө негативдүү маалыматтардын таасири чоң болоорун айтып, элге кайрылуу жасады. Анда төмөндөгүлөр айтылат:

Урматтуу Кыргызстандыктар, Сиздерге маанилүү өтүнүч менен кайрылып жатам.

Барыңыздар жакшы билесиздер, биз башка өлкөлөр менен туризм жаатында атаандаша алабыз. Тоо туризмине кызыккандар ириде жаратылышы жагымдуу өлкөлөрдү тандашат. Бул да башкы себеп эмес, туризм үчүн албетте өлкөдөгү коопсуздук дагы эң маанилүү.

Алдынкы айларда туристтик сезон башталат. Андыктан негативдүү маалыматтарды, туристтерди чочулаткан жаңылыктарды көп таратпай турсак. Тилекке каршы, Нарында мас болуп алып жаш баланы зордуктап өлтүргөн, Таласта мал базардагы жапайычылык жазалоо деген сыяктуу көрүнүштөр туристтик сезонго кесепетин тийгизет. Аны болсо биз барыбыз жарышып таратып жатабыз. Жаманды жашырып, жакшыны ашыралычы. Мына ушундай окуядан кийин Таласка, Нарынга бирөө келеби?! Туризм өнүккөн башка өлкөлөрдө деле кылмыш, кырсыктар болот, бирок алар жарыялап, өз мамлекетинин кадыр баркын төмөндөтпөйт.

Мүмкүн болсо жагымдуу маалыматтарды чет тилдерде жарыялап, туристтерди кызыктырсак пайдалуу болот эле.

Ал эми кырсык, кылмыштарды зарылчылык болуп баратса, кыргыз тилинде, майда шрифтер менен, жаңылыктын эң арткы бөлүгүнө жазсак. Дегеле жазбай, таратпай койсок деле мүйүз чыгып кетпейт. Кырсык менен кылмыштын алдын алуучу, кесепети менен күрөшүүчү тийешелүү тармактарыбыз деле кемчилиги болсо да кудайга шүгүр иштеп жатышат.

Албетте бул пикирге айрымдар кошулбашы мүмкүн. Биз эркин өлкөдө жашайбыз, ар бириңиздердин өз пикириңиздер бар. Айрыкча соцтармактарда бирдеме десең эле бөйрөктөн шыйрак чыгарчуларыбыз да көп. Эркин медиалардын көз караштары, принциптери, пикирлери да ар кыл болушу мүмкүн. Бирок, урматтуу мекендештер, көз караштарыбыз окшош болбосо дагы мамлекеттин имиджин көтөрө турган маселеде бирдиктүү болсок.

Түшүнөбүз, маалымат сайттары окурман топтоо үчүн кырсык, кылмыш, агрессия аралашкан маалыматтарды таратышат. Кээ бир блогербиз дегендер мамлекетибиздин репутациясын түшүрө турган маалыматтар менен окурман чогултуп, сенсация жаратып, элдин көңүлүн буруу, катталуучу чогултуу деген жаман адат да таап алышкан. Мүмкүн болсо мына ушундай илдеттерден арылсак. Өлкөбүз бирөө эле, ал биздин — Кыргызстаныбыз!

Ушуну ар бирибиз жүрөгүбүзгө түйүп алалычы!”- деп айтылат билдирүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>