Президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрүн сыйлады. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Биринчи топтун арасынан:
— I орун 1 млн. 500 миң сом Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө;
— II орун 1 млн. сом Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнө;
— III орун 500 миң сом Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө;
Экинчи топтун арасынан:
— I орун 1 млн. 500 миң сом Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө;
— II орун 1млн сом Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнө;
— III орун 500 миң сом Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнө.