Улан Аалиевди каматуудагы күмөндүү жагдайлар

Улан Аалиевди каматуудагы күмөндүү жагдайлар

ЭЛДИН ЗАРЫ САДЫР ЖАПАРОВГО ЖЕТЭЭР БЕКЕН?

Нурбек Бектенов жана Темирлан Мурзалиев аттуу жарандардын Акипресс маалыматтык агенттигине берген пресс-конференциясын чагылдырат

Бул жарандар «Капитал-строй» деген курулуш кампаниясынын директору Асыл Талипова аттуу аялга ири суммадагы акча алдатып жибергенин зар какшап айтып, өлкө Президенти Садыр Жапаров менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылышууда:

  • Нурбек Бектенов 250 миң америка долларын,
  • Темирлан Мурзалиев 160 миң америка долларын алдатышкан.

Жогоруда аты аталган жарандар Асыл Талиповага акча бергенин далилдеген жазма документ, аудио-, видео-, фото-материалдар бар экенин айтып жатышат.

Бирок, бул жарандар жана башка алданган адамдар тарабынан жалпы көлөмү 1,8 млн америка доллары өлчөмүндөгү акчасын алдырып жиберген карапайым элдин 31 арызы (анын ичинде 28 арыз ЕРППдан каттоодон өткөн) канча айдан бери каралбай, алдамчылыкка шектелген Асыл Талипованын болгону эле 1 (бир) арызынын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уланбек Аалиев башында турган 3 милиция кызматкери,

Жогоруда келтирилген шилтемедеги Акипресске берилген пресс-конференциянын видеосундогу Нурбек Бектенов менен Темирлан Мурзалиев сыяктуу бир нече жабырлануучу куугунтукка алынып, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан процессуалдык нормаларды одоно бузуу менен алардын камалып кетиши — коомчулукта чоң таң калууну жаратты.

ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАБЫРЛАНУУЧУЛАРДАН ОТУЗДАН АШУУН АРЫЗ ТҮШКӨН?

2021-жылдын 28-жана 29-октябрь күндөрү полковник Уланбек Аалиевдин үй-бүлөсү менен Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан алдамчылыкка шектелген Асыл Талиповага ири суммадагы акчасын алдатып жиберген жабырлануучулардын жакындары

  • УКМКнын,
  • Башкы Прокуратуранын,
  • Аскердик Прокуратуранын,
  • Эски аянттагы Өкмөт Үйүнүн,
  • Борбордук шайлоо комиссиясынын,
  • Акыйкатчынын (Омбудсмендин)

имараттарынын алдында митинг жасап, аларга алдамчылыкка шектелген Асыл Талипованын акыл менен ыйманга сыйбас жосунсуз жоруктарын маалымдап, өз талаптарыбызды айттык.

Ушул митингдердин учурунда мен, Гүлзат Аалиева, төмөнкүдөй маалыматтарды уктум (бул маалыматтар жабырлануучулардын пресс-конференциясында да айтылууда: http://presscenter.akipress.org/news:29128/):

Жабырлануучулардан түшкөн арыздарды Октябрь РИИБнин начальниги — полковник Уланбек Аалиев — Октябрь РИИБнин тергөө кызматына жөнөтөт.

Бирок, кандайдыр бир кызыкчылык менен шойкомдуу максатты көздөп, Кыргыз Республикасынын ИИМнин (ички иштер министрлигинин) алдындагы ГСУ (главное следственное управление) Асыл Талиповага каршы жазылган 30 арызды өзүнө тартып кеткен.

Видеодогу жабырлануучулар менен митингдеги алардын жакындарынын айтканына караганда ГСУнун начальниги Джумабаев Азамат Аскарович эмнегедир алдамчылыкка шектелген Асыл Талиповага «крыша» болуп алган.

 ЭҢ КЫЗЫГЫ:

  • Джумабаев Азамат Аскарович буга чейин ири суммадагы акча алууга шектелип жүргөнүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын ИИМнин (ички иштер министрлигинин) алдындагы ГСУнун (главное следственное управление) начальниги кызматын аткарууну уланта бергени кызык[1]
  • 2021-жылдын апрель айында ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин 12 милиция кызматкери жумуштан айдалып[2], Кыргыз Республикасынын ИИМнин (ички иштер министрлигинин) алдындагы ГСУнун (главное следственное управление) начальниги Джумабаев Азамат Аскарович «оң колу» Бегайым (Бегимай) Турапова Октябрь РИИБне которулуп, полковник Уланбек Аалиевдин тергөө иштери боюнча орун басары болуп калат.

Макалага тиркелген скриншотту карасаңар, анда адвокат Канат Хасановдун фейсбуктагы авантюристтик жана популисттик постуна жазылган комментарийдин биринде Бегайым (Бегимай) Турапованын аты айтылууда.

Дал ошол Бегайым (Бегимай) Турапова алдамчылыкка шектелген Асыл Талиповага каршы жазылган арыздардын баарын Октябрь РИИБнин тергөө кызматынан тартып алып, Азамат Джумабаев жетектеген ГСУга өткөрүп берип турган.

Азамат Джумабаев жетектеген ГСУнун кылмыштуу иштерине көмөктөшкөн жана алардын кыйыр иштерин жашырууга аракет кылган дал ошол Бегайым (Бегимай) Турапова айынан

  • Октябрь РИИБнин жетекчиси, полковник Уланбек Аалиев,
  • Ленин райондук РИИБнин тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Талгат Куватбеков,
  • Октябрь РИИБнин кош бойлуу тергөөчүсү Айсулуу Рамазан кызы,
  • алдамчылыкка шектелген Асыл Талиповага акчаларын алдатып жиберген Нурбек Бектенов, Темирлан Мурзалиев, Бакыт Айылчиев өңдүү 3-4 жабырлануучу адам

камакка алынып отурат.

Айтмакчы, ГСУнун начальниги Азамат Джумабаев алдамчылыкка шектелген Асыл Талиповага акчасын алдырып жиберген

  • Темирлан Мурзалиевди,
  • Нурбек Бектеновду,
  • Бакыт Айылчиевди

процессуалдык нормаларды одоно бузуу менен камакка алып, аларды «Полковник Уланбек Аалиевге каршы көрсөтмө берсеңер, анда эркиндикке дароо чыгасыңар. Эгер Уланбек Аалиевге каршы көрсөтмө бербесеңер, анда мен силерди 15 жылга каматам» деп коркутуп жатыптыр.

Демек, ГСУнун начальниги Азамат Джумабаев баш болгон күмөндүү погончондордун тобу өз кыянаттыктары сыртка чыгып кетпеши үчүн алдамчылыкка шектелген Асыл Талиповага каршы тараптарды каматууга өтө кызыкдар.

 

АСКЕР ПРОКУРАТУРАСЫ ТУУРАЛУУ

 

Кыргыз Республикасынын Аскер Прокуратурасынын 1994-жылдын 4-майында № 279 кабыл алынган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен 1995-жылдын 9-октябрында № 418, 2001-жылдын 19-октябрында № 662, 2010-жылдын 2-февралында № 52 редакцияланган) Жобосу боюнча аскер прокуратурасы, эреже катары, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан

  • аскер башкармалыгы (военное управление),
  • аскер бөлүктөрү (воинские части),
  • аскер бирикмелери (военные соединения),
  • аскердик окуу жайлары (военно-учебные заведения),
  • башка аскердик түзүмдөр (другие воинские формирования)

менен байланышкан иштерди алып барышат.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Аскер Прокуратурасы эмненин негизинде

  • алдамчылыкка шектелген Асыл Талипованы камакка алган милиция кызматкерлери менен
  • алдамчылыкка шектелген Асыл Талиповага акчасын алдырып жиберген жабырлануучу жарандардын ишин алып барып жатканына түшүнө албай, башым маң.

Көрсө, жогоруда аталган  ИИМдин алдындагы башкы иликтөө башкармалыгы (главное следственное управление) начальниги кызматын аркалаган Азамат Джумабаевдин жакын тууганы Марс Тентишев Аскер Прокуратурасында прокурор болуп иштейт тура.

АДВОКАТ КАНАТ ХАСАНОВ ТУУРАЛУУ

2021-жылдын 21-октябрында Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБнин начальниги Уланбек Аалиев жана Ленин райондук тергөө кызматынын жетекчиси Талгат Куватбеков менен Октябрь РИИБнин тергөөчүсү Айсулуу Рамазан кызы камакка алынгандан кийин, 2021-жылдын 25-октябрь күнү, алдамчылыкка шектелген Асыл Талипованын адвокаты Канат Хасанов өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз эфир уюштуруп[3], анын эртеси алдамчылыкка шектелген Асыл Талипова менен бирдикте пресс-конференция[4] өткөрүп, публичное пространство аркылуу жалпы журтка

  • «Бишкек шаарындагы баардык РИИБдерди текшерем»,
  • «алардын жүзүн ачам»,
  • «кошмар», «ужас» деген күчөтмө сын атоочко таандык сөздөр менен оолугуп сүйлөп,
  • Асыл Талипованы апакай, андан жабыр тарткандарды «мошенник», аны камакка алгандарды «оборотни в погонах», «монстр», ал эми өзүн карапайым элдин кызыкчылыгын коргогон, элге күйгөн адам катары көрсөткөн,
  • полковник Уланбек Аалиев, Манас таануучу Гүлзат Аалиева, алдамчылыкка шектелген Асыл Талиповага акчасын алдырып жиберген жабырлануучулар тууралуу өөдүк-сөөдүк кептерди айтып, аларды өлүм менен коркутуп-үркүтүп, тантыраган.

Эмне дейбиз? Өңгөгө өлүм тилегиче, өзүңө өмүр тиле, адвокат Канат Хасанов! Сен Кудай, же Кудайдын баласы эмессиң! Бирөөлөрдүн убалы уктатпаары эсиңден чыкпасын!

Көрсө, акчалуу иштерди жандап, акчасыздарды жанына жаа бою жолотпогон адвокат Канат Хасанов № 36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоого аттанып, өзүн супермен көрсөтүп, популист катары алдамчылыкка шектелген Асыл Талиповадан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн сыздаган көз жашынан өзүнө пиар кылып жаткан кербези экен да.

Адвокат Канат Хасановду коомчулук авантюрист жана өзүмчүл саясатчы катары билет. Ага анын

  • эл аралык масштабдагы алдамчылык ишине шектелген Леонид Маевскийдин миллион доллдары,
  • «Чоң Казат» кыймылынын акчасы,
  • уулу Хасанов Арслан Канатовичтин аяш атасынын өлүмү менен байланышкан иши ж.б. күбө.

Акчалууну жандап, акчасызга жакын жолобогон Канат Хасанов эмнегедир 2021-жылдын 1-октябрында Бишкек ШИИБнин жанына «Алты балалуу жалгыз бой аялды камап салды» деп, түн ортосунда митинг өткөргөнү көптү таң калтырган[5].

Көрсө, Асыл Талипова эл-журтка «ыймандуумун» демиш болуп, кара хиджаб кийип, беш маал намаз окуганы менен кара таман элдин маңдай тери менен тапкан акчаларын алдап алып, нечендеген үй-бүлөлөрдү сыздаткан мошенница тура.

Парламенттик шайлоого аттанган адвокат Канат Хасановго, албетте, Асыл Талипованын акчасы керек. Ошол себептен, мыкты актер Канат Хасанов өз ролун ийнине жеткире аткарып, Асыл Талипованы 2021-жылдын 2-октябрь күнү үй камагына чыгарып кетип, аны «күбөлөрдү коргоо программасына» киргизип коет.

Эми көп жарандардан ири суммадагы акчаны алып, алдамчылыкка шектелген Асыл Талипованы мамлекет коргоого алып, аны 2-3 адам кайтарыкка алган. Асыл Талипованы кайтарган адамдарга айлыкты мамлекет карапайым элдин чөнтөгүнөн (салыктын эсебинен) төлөйт (!?). Мындай абсурддуу парадокс биздин мамлекетте эле болсо керек.

Сөзүмдүн акырында Сиздердин көңүлдү ушул макалага тиркелген дагы бир-скриншотко бургум келет. Анда соттун өкүмү чыга электе эле адвокат Канат Хасановдун сүрөтүн тиркеген катардагы жарандар эмес, абройлуу мекеме делген Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы тарабынан полковник Уланбек Аалиевди бир беткей каралоо орун алган. Муну орус тилинде «нарушение презумпции невиновности» деп атайт.

Макаланын автору: Гүлзат Аалиева

Макала Reporter.kg маалымат агентигинин көз карашын билдирбейт.  Маани-мазмунуна автор жооп берет. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>