Мектеп окуучусу “Тик-Ток” аркылуу террордук чабуулга чакырык жасаган

Мектеп окуучусу “Тик-Ток” аркылуу террордук чабуулга чакырык жасаган

23-ноябрда УКМК  интернеттеги социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда, Бишкектин айрым орто мектептеринде террордук актыларды жасоо коркунучу бар бир нече видеолорду жайгаштырган “@krasty.mshn” аккаунтундагы “Тик-Ток” интернет тиркемесинин колдонуучусун тапкан.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы видеолордун автору аныкталып, ал орто мектептердин биринин 6-классынын окуучусу, бейбаштык максатта террордук актыларды жасоо коркунучу бар видеолорду жайгаштырган, 12 жаштагы “Т.А.Ч.” болуп чыкты.

Бул факт Жазык кодексинин 246-беренесинин 1-бөлүгү («Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>