Социалдык түйүндөрдө баш калаанын 5-кичирайонунда аялга кол салган видео тарап жатат. Көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришинде үйүнүн эшигин ачуу үчүн ачкыч менен ачып жаткан кезде белгисиз адам жабырлануучуга кол салганын көрсөтүп турат. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, шектүүгө издөө жарыяланган.
Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Милиция кызматкерлери кол салууга шектелген кишини издеп жатышат.