Site icon Reporter.kg

Травматология жана ортопедия борбору 7 жыл мурун жоюлган

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору 2015-жылы эле жоюлган.  Бул туурасында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда,  2015-жылдан бери  Сабыр Жумабеков жоюлган борбордо иштеп жүргөн.  7 жылдан бери жоюлган борборду, борбор  деп иштеп жүргөн академик баарына жооп бериши керек. Ал ошол жерде билгенин жасап келген.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору  “Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы” болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган.

Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору өзгөрдү

Exit mobile version