Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору 2015-жылы эле жоюлган. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтуусунда, 2015-жылдан бери Сабыр Жумабеков жоюлган борбордо иштеп жүргөн. 7 жылдан бери жоюлган борборду, борбор деп иштеп жүргөн академик баарына жооп бериши керек. Ал ошол жерде билгенин жасап келген.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору “Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы” болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган.