2025-жылы дүйнөнүн 14 пайызы ковидден кийинки ооруларга чалдыгат

2025-жылы дүйнөнүн 14 пайызы ковидден кийинки ооруларга чалдыгат

2025-жылы жер шарынын 14% чейинки калкы ковидден кийинки ооруларга чалдыгат. Бул туурасында Кыргызстандын COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Fractal Therapeutics америкалык компаниясынын изилдөөчүлөрү жүргүзгөн пандемиянын өнүгүшүн моделдештирүү ушундай жыйынтыктарды көрсөткөн.

Эл аралык оорулардын классификаторуна киргизилген бул оорунун 200гө чукул ар түрдүү белгилери бар жана кээде жаштардын жана дени сак адамдардын жашоосун кыйындатат. Көптөгөн бейтаптарда ковидден кийинки абал айлап, ал тургай жылдап созулат – ал эми дарыгерлер муну кантип дарылоо керектигин али так билишпейт.

Дүйнөдөгү окумуштуулар жапырт эмдөө аркылуу SARS-CoV-2 жуктуруунун кесепетинен өлүмгө учуроо жана ооруканага жатуу коркунучу кыйла кыскарганын билдиришүүдө.

Бирок беткап тагынбай коюуга али эрте: постковид жана лонгковид жаңы өнөкөт оорулар катары аталды, алар COVID-19дун курч фазасы бүткөндөн кийин дагы узак убакытка адамды кыйнайт.

АКШнын өкмөттүк отчеттуулук башкармалыгы постковидге калктын мурда бул вирус менен ооруп айыккан (бул болжол менен 23 миллион адам) кеминде 7% чалдыгышы ыктымал деп божомолдойт.

Жалпысынан алганда, лонгковид же постковид өрчүгөн адамдардын саны боюнча дүйнөлүк баа кескин айырмаланат: COVID-19ду башынан кечиргендердин арасында алар 10%дан 80%га чейин. Пенн штатынын Медициналык Колледжинин изилдөөчүлөрү өткөн жылы коронавирустан аман калгандардын жарымынан көбү оорунун белгилери алты айдан ашык сакталганын билдиришкени тууралуу маалымдашкан.

«Бул бир нече жылдын ичинде дүйнө жүзү боюнча бир миллиарддан ашык адамды жөндөмсүз кыла турган жакшы иликтенбеген абал”, — дейт COVID-19 боюнча изилдөөчү Арижит Чакраварти. Эксперттердин айтымында, бул оору тез арада коомдук саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйүнө айланып, биринчи звенодогу дарыгерлерди түйшөлтүп жатат.

Азыркыга чейин дарыгерлердин постковид жана лонгковид деген эмне экени тууралуу пикирлери ар түрдүү. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму узак мөөнөттүү ковидди COVID-19 менен ооруган адамда пайда болгон жана башка диагноз менен түшүндүрүүгө болбой турган жана эки ай же андан ашык убакытка созула турган абал катары аныктайт. Симптомдор алгачкы инфекциядан кийин сакталып калышы же убакыттын өтүшү менен келип чыгышы мүмкүн, постковид диагнозу адатта, катуу оорудан соң үч айдан эрте эмес коюлат.

Тажрыйбада узакка созулган COVID көйгөйлөр менен абалдын жыйындысы болуп саналат: мындай бейтаптар вирусту жайылта бериши мүмкүн; кээ бирлери үчүн белгилери бир нече жумадан кийин жоголот, башкалары үчүн айлап созулат. Реанимациядан кийин булчуңдардын алсыздыгы, дем алуу, когнитивдик көйгөйлөр, тынчсыздануу жана депрессия түрүндөгү кыйынчылыктардан жапа чеккен бейтаптар дагы бар, бул белгилер COVIDден кийинкиге окшош, бирок андай болбошу мүмкүн. Ал эми бир катар дарыгерлер постковид бул чарчоо, көкүрөктөгү дискомфорт, когнитивдик көйгөйлөр, аларды башка эч нерсе менен түшүндүрүүгө болбойт деп эсептешет.  Ошол эле учурда белгилер аябай көп санда жана алар вирустан кайсы система же орган жабыркаганынан көз каранды. Мисалы, тынчсыздануу, депрессия, когнитивдик көйгөйлөр, галлюцинация жана баш оору вирустан борбордук нерв системасы жабыркаганын, ал эми сөөктөрдүн оорушу, көкүрөктүн кысылышы, муундардын оорусу жана булчуңдардын спазмы — таяныч-кыймыл аппаратынын жабыркаганын кабарлайт. Албетте, көптөгөн вирустук инфекциялар узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келет (мисалы, адамдын папиллома вирусу рак оорусуна, ал эми суу чечек чакалайга алып келиши мүмкүн), бирок дүйнөдө кесепеттеринин саны боюнча SARS-CoV-2ге салыштырууга мүмкүн болгон вирус дээрлик жок.

Кээ бир бейтаптардагы оорунун белгилери ушунчалык алсыраткандыктан, алар жумушка кайтып келе алышпайт. Айрыкча жаштарда сөз табуу кыйынга турган когнитивдик оор бузулуулар пайда болот: алар 20-30 жашында акыл-эстин бузулуусунун бардык «кереметин» баштан өткөрүшөт.

Жакында эле The Lancet медициналык журналында жарыяланган изилдөө ковидден кийинки 200дөн ашык потенциалдуу белгилерди аныктаган, алар органдардын 10 системасында болот, 66 белги демейде жети айдан ашык убакытка созулат. Изилдөөчүлөр 60 өлкөдөн ковидге чалдыккан же чалдыкты делген дээрлик 4 миң адамдын арасында сурамжылоо жүргүзүшкөн, аларда оору бир айга жана андан ашык мезгилге созулган.

Омикрондун” жеңил вариантынан кийинки бейтаптарга байкоо жүргүзгөн дарыгерлер аларда “Дельта” жана башка буга чейинки штаммдарга караганда чаалыгуу өтө узакка созуларын белгилешүүдө. “Буга чейинки варианттар неврологиялык, психикалык жана когнитивдик көйгөйлөрдү кыйла көбүрөөк пайда кылган сыяктуу. Бирок акыркы убакта чаалыгуу бир кыйла маанилүү фактор болууда”, — дейт Джонс Хопкинс университетинин өпкө жана калыбына келтирүүчү медициналык жардам кафедрасынын доценти Панагис Галиатсатос.

Заманбап вакциналар өлүмдү жана оорунун оор өтүшүн олуттуу түрдө төмөндөтүүгө жөндөмдүү экендигин далилдегени менен, SARS-CoV-2 инфекциясынын жайылышын жана постковиддин алдын алуу жөндөмүн көрсөтө элек.

Арижит Чакраварти жетектеген изилдөө тобунун моделдөөсү эмдөө алган, бирок вируска каршы чараларды көрбөгөндөр келечекте жылына бир же эки жолу COVID-19 жуктуруп алышарын көрсөтүп турат. Бүткүл дүйнө вакцинацияланган жана сактык чаралары көрүлбөйт жана адам инфекция жуккан сайын постковидди жуктуруп алуу 10% шансы бар деп ойлосок, жер бетиндеги ар бир адам жыл сайын ковидден кийинки илдетке чалдыгуусу 5% деңгээлде мүмкүн дейт Чакраварти. Анын эсептөөлөрү боюнча, үч жыл ичинде постковиддик ооруларга чалдыгуу мүмкүндүгү 14% түзөт.

Постковиддин себептери алигиче так аныкталган эмес жана анын бардык белгилерин четтетүүгө жардам берген дарылоо жок.

 

Тэги: COVID-19 SARS-CoV-2

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>