Казакстанда 2 жашар бала көп кабаттуу үйдөн кулады

Казакстанда 2 жашар бала көп кабаттуу үйдөн кулады

Казакстандын Шымкент калаасында көп кабаттуу үйдүн терезесинен эки жашар бала кулап кеткенин жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, бүгүн, 3-август күнү түшкү саат экиде “103” тез жардам кызматынан кабар түшкөн. Каратау районунун Туран кичи районунда 5 кабаттуу үйдө 2-кабаттын терезесинен кулап кеткен 2020-жылы туулган бала шаардык ооруканага жаткырылды (абалы оор).

Бала ата-энесинин көзөмөлүсүз калган.

Полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Тэги: Казакстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>