Чек ара жаңжалы: Күч түзүмдөрү жеринде иштеп жатат

Чек ара жаңжалы: Күч түзүмдөрү жеринде иштеп жатат

Мурдараак маалымдалгандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча комиссиянын иши жана куч блогунун бир катар өкүлдөрүн камтыган иш улантылып жатат. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жетишилген макулдашуулардан кийин атышуулардын интенсивдүүлүгү бир топ басаңдады.

Учурда комиссиянын мүчөлөрү жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну уюштуруу жана кырдаалды мындан ары турукташтыруу иштерин баштады.

Буга чейин Кыргызстан жана Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек арадагы ок атышууну саат 16:00дөн тарта токтотууну макулдашкан. Андан кийин Чек ара кызматы кыргыз тарап ок атууну толук токтотконун, тажик тарап ок атууну азайтып, бирок маал-маалы менен ок атууну улантып жатканын билдирген. Бирок, кайра тажик тарап келишимди бузуп ок атууну улантууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>