Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 27-октябрда Казакстанга болгон бир күндүк иш сапары аяктады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Астана шаарында жогорку деңгээлдеги, анын ичинде Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Ошондой эле Садыр Жапаров «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, Кыргызстан Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы аймактар аралык кызматташтыктын кыйла потенциалы бар экенин көрүп тургандыгын белгиледи.

Ушул эле күнү кечинде Президент Садыр Жапаров, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Европа Кеңешинин Президенти Шарл Мишель  Астана шаарында 29-октябрга чейин улана турган Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты.

Иш сапарын жыйынтыктаган соң Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Бишкек шаарына кайтып келди.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>