Казакстанга президент болуп шайланган Касым-Жомарт Токаевдин ант берүү аземи 26-ноябрда болоорун жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Токаевдин инаугурациясынын датасы шейшембиде Борбордук шайлоо комиссиясында белгилүү болду.
Шайлоонун акыркы жыйынтыгы боюнча Токаев 81,31% добуш менен жеңишке жеткен.
Борбордук шайлоо комиссиясынын эсептөөлөрү боюнча добуштар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Каракат Абден — 2,6%
Нурлан Ауесбаев — 2,22%
Жигули Дайрабаев – 3,42%
Мейрам Кажыкен — 2,53%
Касым-Жомарт Токаев – 81,31%
Салтанат Турсынбекова — 2,12%
«Баарына каршы» — 5,8%.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз