Чакан ишканалар үчүн камсыздандыруу тарифтери төмөндөтүлдү

Чакан ишканалар үчүн камсыздандыруу тарифтери төмөндөтүлдү

Быйылкы жылдын декабрынан тарта жылдык кирешеси 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары 2027-жылдын 1-январына чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин колдоо жана андан ары өнүктүрүү, аларды көмүскөдөн чыгаруу максатында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

«Өзгөртүүлөр мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга, мамлекеттик ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге, ошондой эле мамлекеттин катышуу үлүшү 51 пайыздан ашык болгон ишканаларга жана уюмдарга жайылтылбайт«, — деп белгилейт Мамлекеттик салык кызматы.

Жылдык кирешеси 30 миллион сомдон ашпаган чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй:

  • жалданма жумушчуларынын саны 5-14 адам болсо – 27,25%дан 22%га чейин төмөндөдү (жумуш берүүчүдөн 12% жана жумушчудан 10%);
  • жалданма жумушчуларынын саны 15 адам жана андан көп болсо –27,25%дан 14%га чейин төмөндөдү (жумуш берүүчүдөн 4 % жана жумушчудан 10%).

Мындан тышкары, чакан жана орто бизнестин субъекттери үчүн Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду (0,25%) алып салынды.

Отчетто 1-4 адамды көрсөткөн чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өзгөрүүсүз калат – 27,25% (жумуш берүүчүдөн 17,25% жана жумушчудан 10%).

Ошону менен бирге тарифтик ставкалар боюнча 27,25% төлөгөн бардык төлөөчүлөр үчүн – жумуш берүүчү жумушчулары үчүн төлөй турган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү орточо айлык эмгек акынын 60 пайызынан эсептелген суммадан аз болушу мүмкүн эмес.

Ошондой эле, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен Салык кодексин шайкеш келтирүү максатында, салык режимдеринин түрлөрүн, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча айып жана туумдардын ченемдерин салык мыйзамдарына ылайык келтирүү бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилди.

«Буга чейин эсептешүү ведомостторун белгиленген мөөнөттө бербегендиги (же кечиктиргендиги) үчүн өткөн отчеттук мезгилде түзүлгөн төлөмдөрдүн суммасынын 25 пайыз өлчөмүндө айып пул календардык жыл ичинде эки жолудан ашык берилбегенде (же кечиктирилгенде) кийин кайра эсептөө менен чегерилип келген. 2022-жылдын 1-декабрынан тартып белгиленген мөөнөткө чейин отчет бербеген (же кечиктирген) алгачкы учурда эле 25 % айып салынат«, – деп билдирди Мамлекеттик салык кызматы.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>