23 –сентябрга караган түнү Москва районунун Төлөк айылынын тургуну 38-жаштагы М.С.аттуу жарандын короосундагы “Субару Форестер” машинасын белгисиз кишилер уурдап кеткен. 1993 -жылы туулган Т.Т. 2000 -жылы туулган М.У. кармалып, экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул туурасында Чүй милициясы кабарларды.
Маалыматка караганда, унаа Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагынан табылган. “Субару Форестер” жакынкы аралыкта ээсине кайтарылып берилет. Милиция кызматкерлери кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар жогун териштирүүдө.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.