Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталды

06.03.2026 | 17:49

Кыргызстанда ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматтарынын тарифтерин өздүк наркына жана эксплуатациялык чыгымдарына ылайык келтирүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында, учурда айыл жерлеринде белгиленген тарифтер суу системаларын иштетүүгө кеткен чыгымдарды толук жаба албайт. Каржылоонун жетишсиздигинен улам жабдууларды өз убагында оңдоо жана тейлөө кыйындап, суу берүүдө үзгүлтүктөр жаралууда. Мындан улам тарифтерди жөнгө салуу суу системаларынын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатын көздөйт.

“Эгер тариф кызматтын өздүк наркынан төмөн деңгээлде белгиленсе, тариф менен өздүк нарктын ортосундагы айырма жергиликтүү же республикалык бюджеттен субсидия аркылуу жабылат. Мындан тышкары, жарандардын айрым категориялары үчүн жеңилдетилген тарифтер белгиленген учурда, жетишпеген каражаттар бюджеттен компенсацияланат. Бул механизм төлөмдөрдүн калк үчүн жеткиликтүүлүгүн сактоого багытталган”,- деп билдирди министрлик.

Scroll to Top