II Улуттук көчмөндөр оюну Ош облусунда өтөт (фото)

II Улуттук көчмөндөр оюну Ош облусунда өтөт (фото)

II Улуттук көчмөндөр оюну 2021-жылы Ош облусунда өтөт. Бул тууралуу 21-сентябрда Талас облусунда  I Улуттук көчмөндөр оюну жыйынтыкталып жатканда белгилүү болду.

Республикалык деңгээлдеги спорттук жана маданий иш чаранын жабылышына президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт мүчөлөрү катышты. 

Эске салсак, Улуттук көчмөндөр оюндары Талас шаарында 16-сентябрдан 21-сентябрга чейин болуп өттү.  Анын алкагында улуттук оюнардын 10 түрү боюнча спорттук мелдештер Райкан Алканов атындагы ат майданда жана “Газпром” спорт комплексинде, ал эми  маданий иш-чаралар “Манас-Ордо” улуттук комплексинде болуп өттү.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>