6 ай ичинде “Бузуулардын бирдиктүү реестри” тутумуна ичинде 205 миң 603 бузуу катталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Анын ичинен 197 миң 26 бузууга жаза чаралары колдонулган. Ал эми 8 миң 577 бузууга эскертүү берилген.
Белгилей кетсек, автоматташтырылган маалыматтык тутуму болгон “Бузуулардын бирдиктүү реестри” ушул жылдын 1-январында ишке киргизилген.