ИИМ дипфейк алдамчылыктын жаңы түрү экенин айтып, сак болууга чакырат

ИИМ дипфейк алдамчылыктын жаңы түрү экенин айтып, сак болууга чакырат

Ички иштер министрлиги (ИИМ) дипфейк — жасалма интеллекттин негизинде адамдардын жүзүн же үнүн колдонуу менен жүргүзүлүүчү алдамчылыктын жаңы түрү пайда болгонун маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда айрым жарандарга өзүнө окшогон видео же үн билдирүүлөр аркылуу акча же жеке маалыматтарды талап кылган учурлар катталууда. Алдамчылар дипфейкти пайдаланып, реалдуу адамдардын образын жараткан жасалма видеолорду колдонуп жатышат.

ИИМ жарандарды төмөнкүдөй сактык чараларын көрүүгө чакырат:

  • Шек жараткан билдирүүлөрдү сөзсүз түрдө тактоо;
  • Акча же купуя маалымат талап кылынганда – жеке өзү менен байланышуу;
  • Купуя маалыматтарды жана сыр сөздөрдү бөлүшпөө;
  • Шашпоо жана дүрбөлөңгө алдырбоо;
  • Шектүү жагдай болгон учурда 102 кызматына кайрылуу.

ИИМ белгилегендей, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, дипфейктерди түзүү, таратуу жана колдонуу мыйзам бузуу болуп саналат жана кылмыш жоопкерчилигине алып келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>