ИИМ: Эки адамды өлтүрүүгө шектүү кармалды
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 3-октябры күнү саат 03:28 чамасында “102” кызматына Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйдүн ээсине белгисиз адам бычак менен кол салганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге ИИМдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу барганда, үйдүн ичинен 1991-жылы туулган И.Э. жана анын бир тууган эжеси, 1987-жылы туулган Б.А.нын жансыз денелери табылган.
Тергөө маалында маркумдардын бирине 18 жолу, экинчисине 11 жолу бычак сайылганы аныкталды. Үйдүн сыртындагы автоунаанын жүк ташуучу бөлүгүнөн ири суммадагы акча каражаты да табылган.
Бул факт боюнча Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Шектүүнү издөөдө милиция кызматкерлери “Коопсуз өлкө” долбоорунун жүздү таануу системасын колдонушкан. Натыйжада кылмышка шектүү катары 2006-жылы туулган И.С. кармалып, Тергөө кызматына жеткирилди.
Азыркы учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө аракеттери уланууда.
ИИМ кылмыштын бети ачылганга жардам берген жарандарга ыраазычылык билдирди.