ИИМ Курсан Асанов менен Аалы Карашевди массалык башаламандыктар беренеси менен кармады

12.02.2026 | 09:29

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана Ош облусунун мурдагы губернатору, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев кармалды.

ИИМдин маалыматында, алар массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана башка мыйзамсыз аракеттерге катышкан деп шектелүүдө. Кармалгандардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Министрлик алар адамдардын тобун түзүп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу кайрылууларды таратып, калкка такталбаган маалыматтарды жеткирүүгө аракет кылышканын билдирди. Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин бул иш боюнча президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү өтүнүчү менен өлкө башчы Садыр Жапаровго жана ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жасаган 74 адамдын үчөө: Бекболот Талгарбеков, Эмиль Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев да кармалган. Аларга да Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Scroll to Top