ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголду

18.03.2026 | 10:08

Ички иштер министрлиги «Кыргызнефтегаз» ААКынын кызмат адамдарына карата «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

ИИМдин маалыматында, кылмыш ишинин козголушуна Мамлекеттик салык кызматы тарабынан даярдалган «Өз адамдар үчүн мунай: Кыргызнефтегазды кантип курутушту» аттуу иликтөөдөгү маалыматтар негиз болгон.

“Ишкананын айрым кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланып, байланышы бар компаниялар менен күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз схемаларды уюштурушкан. Күйүүчү-майлоочу материалдарга баалар өсүп жаткан учурда, ишкананын өкүлдөрү тармакты көзөмөлдөгөн кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүүгө барышкан. Натыйжада айрым компаниялар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, мыйзамсыз материалдык пайда табууга, салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качууга шарт түзүлгөн”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда ИИМ Мамлекеттик салык кызматынын адистери менен иштин жагдайларын иликтөө жана күнөөлүү адамдарды аныктоо боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Scroll to Top