Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү арасында гиря спорту, таяк тартыш жана аркан тартыш боюнча биринчилик өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Мелдеш 5-7-июль күндөрү «Динамо» спорт комплексинде өткөн. Министрликтен белгилешкендей, ИИМдин Борбордук аппаратынын гиря спорту, таяк-тартыш жана аркан-тартыш боюнча биринчилиги жыл сайын уюштурулуп келет.
Бул жарышта 1-орунду ИИМдин Республикалык окуу борборунун командасы ээлеп, I даражадагы диплом жана Кубок менен сыйланган. 2-орунга ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын командасы татыган. Аларга II даражадагы диплом тапшырылган.
3-орунду ээлеген ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын командасы III даражадагы диплом менен сыйланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз