Садыр Жапаров ТМУ саммитинде: Жасалма интеллект, санариптештирүү жана Көчмөндөр оюндарыБишкекте Ч. Айтматов проспектиси менен Л. Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрө оңдолотӨкмөт өлкөгө кайтып келген мигранттарды колдоо программасын бекиттиКазан форуму: Кыргызстан ислам дүйнөсү менен экономикалык кызматташууну күчөтүүгө даярБишкекте Лев Толстой жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылдыИюндан тарта жол эрежесин бузгандарды каттаган жаңы комплекстер иштей баштайт
ИИМ кызматкерлери арасында мелдеш өттү. Кимдер жеңүүчү болду?
07.07.2023 | 16:51
Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү арасында гиря спорту, таяк тартыш жана аркан тартыш боюнча биринчилик өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Мелдеш 5-7-июль күндөрү “Динамо” спорт комплексинде өткөн. Министрликтен белгилешкендей, ИИМдин Борбордук аппаратынын гиря спорту, таяк-тартыш жана аркан-тартыш боюнча биринчилиги жыл сайын уюштурулуп келет.
Бул жарышта 1-орунду ИИМдин Республикалык окуу борборунун командасы ээлеп, I даражадагы диплом жана Кубок менен сыйланган. 2-орунга ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын командасы татыган. Аларга II даражадагы диплом тапшырылган.
3-орунду ээлеген ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын командасы III даражадагы диплом менен сыйланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом