logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

ИИМ маркумдун аты-жөнүн тактоо үчүн тургундардан жардам сурайт — сүрөт

ИИМ маркумдун аты-жөнүн тактоо үчүн тургундардан жардам сурайт — сүрөт

Бишкекте өткөн жылдын ноябрь айында жансыз денеси табылган эркек кишини аты-жөнүн тактоо үчүн милиция жарандардан жардам сурайт. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Белгисиз адамдын жансыз денеси 2020-жылдын 24-ноябрында Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүнөн табылган.

Болжолдуу жашы 55-60. Бул факты Ленин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Өзгөчө белгилери; Бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы күрөң. Үстүңкү тиштери жок.

Кийип жүргөн кийимдери: Пальто, кара шым, кара бут кийим кийип жүргөн.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды таанып-билген болсо төмөнкү номерлерге байланышып коюуну кызматкерлер өтүнөт.

Байланыш телефону: 0 312 352-605, 0 551 102-129, 0705 450-553, 0552 102-465 жана 102.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>