Журналист, жарандык активист жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалган эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирүү таратты.
«Маалымат каражаттарында Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Айтикеев 7-8-август күндөрү Кой-Таштагы окуялар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары каралат”, — деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин бир катар басымалар Мирбек Айтикевдин жакындарына таянуу менен анын Биринчи май райондук соту тарабынан 10-октябрга чейин камалганын жазып чыгышкан. Ал эми райондук соттун маалымат кызматы муну четке каккан.