Саясатчы Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова эл аралык издөөгө берилген. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришкенин «super.kg» жазды.
«2010-жылы 13-апрелде Башкы прокуратурага Б.Б. аттуу жаран жана башка жарандар Инвестбанк «Ысык-Көл» ААКсын экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев башында турган бир нече адамдар тобу рейдерлик менен басып алганын айтып арыз менен кайрылышкан. Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс боюнча) 183-беренеси (легалдаштыруу, арам акчаны адалдоо) менен иш козголуп, анда Максим Бакиев достору Алексей Ким, Михаил Надель (учурда эл аралык издөөдө) жана башкалардын жардамы менен Инвестбанк «Ысык-Көл» банкынын акциясынын ээлеринин бири Н.Т. аттуу жаранга кысым көрсөтүп, 2007-жылы 30-майда банктын акциясын сатууга мажбурлашканы аныкталган. Андан кийин Бакиев банктын мурунку кызматкериРайкүл Жапарованын жардамы менен банкты басып алган. 2007-жылы 10-августта директорлордун жаңы кеңеши дайындалып, Инвестбанктын башкаруусунун жетекчиси Райкүл Жапарова болгон.
Иликтөө жыйынтыкталган соң аталган кылмыш иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөн. 2014-жылы 22-октябрда райондук сот тарабынан Жапарова 30, 183-беренелер (кылмышка шериктеш, легалдаштыруу, арам акчаны адалдоо) менен 7 жылга кесилген. 2015-жылы 3-апрелде Бишкек шаардык сотунун өкүмү менен 221-берене (коммерциялык жана башка уюм кызматкерлеринин кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу), 166-берене (алдамчылык) боюнча жаңы айыптар тагылган. Жалпы жонунан Жапарова 10 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланып, 3 жыл бою банк жаатында ишмердүүлүк жүргүзбөө чечими чыккан.
1966-жылы туулган Жапарова учурда эл аралык издөөгө берилген. Анын кайда экендигин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө«, — деп жазылат маалыматта.