Site icon Reporter.kg

Унаасынан граната табылган Илгиз Шаменов президентке кайрылды — видео

Ишкер Илгиз Шаменов социалдык тармактар аркылуу президентке кайрылуу жасап, коопсуздугун коргоп берүүнү суранды.

Ал кечээ, 11-августта анын өмүрүнө кол салуу аракети болгонун  (11-августта «Азия Моллдо» унаасынан граната табылган) эске салып, бул боюнча эл аралдык уюмдарга да кайрыларын белгиледи.

«Эмнеге ал кол салуу аракети боюнча кылмыш иши ачыла элек. Бул жакта саясий оюндар болуп жатабы? Эмнеге укук коргоо органдары унчукпай отурат. Мен озүмдүн, бир туугандарымдын, үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн сарсанаа болуп жатам. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сиз Конституциянын гаранты катары менин, үй-бүлөмдүн, бир туугандарымдын коопсуздугун камсыздап бериңиз. Мен сизден ушуну суранам жана талап кылам», — деди ал.

Ошону менен бирге ал айрым адамдар «Илгиз Шаменов унаасына гранатаны өзү коюп алган» деп жазып, каралап жатканын айтты.

«Эгер гранатаны мен коюп койсом, урматтуу укук коргоо органдары иликтеп чыккыла. Ал граната каяктан экенин иликтегиле. Менде үйдө, унаамда камералар бар. Аларды эмнеге албай жатасыңар? Болбосо бул ишке чоңдордун тиешеси барбы. Алардын аты чыгып калбасын деп план издеп жатасыңарбы?», — деп суроо салды.

Аны менен бирге ал өзүнө же жакындарына кандайдыр бир коркунуч жаралса, ага азыркы бийликтегилер жооптуу болорун билдирди.

«Кечээ кол салуу аракети болду, бирок азыркыга чейин (ред. – укук коргоо органдары) менин коопсуздугумду эч ким ойлогон жок, эч ким кабарлашкан жок, камераны келип караган жок», — деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 11-августта болжол менен саат 14:00дө «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк ишкер Илгиз Шаменовдун унаасына граната коюлганы белгилүү болгон.

Ишкер Илгиз Шаменов Жетим-Тоо темир кенин ачууга каршы чыгып келгендердин бири. Мындан мурдараак УКМКга суракка да барып келген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version