Илимдер академиясына 16 жыл ичинде бир дагы президент барган эмес

Илимдер академиясына 16 жыл ичинде бир дагы президент барган эмес

Улуттук илимдер академиясына (УИА) 16 жыл ичинде өлкөнүн бир дагы президенти же бир дагы премьер-министри келген эмес. Бул тууралуу илимий мекеменин директору Мурат Жуматаев президентинин м.а., премьер-министр Садыр Жапаровдун УИАга жасаган сапары учурунда айтты.

“Сиздин бул келишиңиз илимге жана окумуштуулардын эмгектерине болгон мамиленин өзгөрүшүнүн белгиси болоруна жана мындан ары оң натыйжаларды алып келерине ишеним артабыз”, — деп билдирген Жуматаев.

Садыр Жапаров интеллигенция коомдук-экономикалык процесстерге аралашпай, илим менен коом бири-биринен обочолонуп калганын өкүнүү менен билдирген.

“Мунун башкы себеби, албетте, биринчиден, мамлекет тараптан тийиштүү көңүл бөлүнбөй, окумуштууларыбыз турмуштун оорчулугун жеңе албай жатат. Бирок окумуштуулардын миссиясы мамлекеттик стратегияларды иргеп-ылгап коомго сунуштоо, аткаруу бийлигине артыкчылыктарды аныктоого жардам берүү деп ойлойм. Биз ансыз да көп убакытты жоготтук, тилекке каршы, он жылдап биздин илим системалуу көйгөйлөргө кабылып келет. Илим ушундай тармак, илим болбосо – экономика да, жалпысынан мамлекет да өнүгө албайт. Ал эми илим адамдары – коомдун жүзү”, — деп баса белгилеген Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруу, өлкө илимдин жардамына абдан муктаж болуп тургандыгын баса белгилеген. Ошондой эле ал академиянын техникалык базасын жаңылоого жана башка муктаждыктарына 300 млн сомго жакын каражат бюджеттен сырткаркы булактардан бөлүнөрүн кошумчалаган.
[su_image_carousel source=»media: 47847,47848,47850,47851,47852″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>