Илон Маск Twitter′ди сатып алса чоң өзгөрүүгө дуушар болот

Илон Маск Twitter′ди сатып алса чоң өзгөрүүгө дуушар болот

Илон Маск компанияны сатып алса, кызматкерлеринин 75% кыскартууну пландоодо. Бул тууралуу The Washington Post маалымат булактарына жана документтерге таянуу менен билдирди.

Ошол эле учурда гезиттин жазганына караганда, компаниянын кимге таандык экенине карабастан, жакынкы айларда жумуш орундары кыскарып, айлык акылар кыскартылат.

Социалдык тармак да инфраструктурасын, анын ичинде дата борборлорун кыскартууну көздөөдө.

Басылманын маалыматы боюнча, Twitterде 7,5 миң кызматкер иштейт. Илон Масктын планы ишке ашса, анда компанияда 2 миңдей кызматкер иштейт. Twitter жумуштан бошотуу пландарын четке какты.

  • Ушул жылдын эң күтүлгөн келишимдеринин бири кийинки аптада бүтүшү мүмкүн. Маск апрель айында социалдык тармакты 44 миллиард долларга сатып алууну каалаганын билдирген жана май айында компаниядан фейк аккаунттар боюнча маалыматтарды сураган. Эгерде бул маалыматтарды бербесе бизнесмен сатып алуудан баш тартуу чечимин жарыялап, талап койгон.  Андан соң Twitter бизнесменди анын демилгеси менен сатууну токтоткондугу үчүн сотко берген. Октябрдын башында Маск сүйлөшүүлөрдү улантууну чечкен. Сот Маскка келишимди аягына чыгаруу үчүн 28-октябрга чейин убакыт берген болчу.
 Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>