Индияда кыргызстандык аял 7,5 кг алтын менен кармалды

Кыргызстандык аял 7,5 кг алтын менен Индиянын Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортунда кармалды. Бул тууралуу Ommcom News жазды. Маалыматка караганда, аял Кыргызстандан Нью-Делидеги аэропортко кечээ, 27-октябрда учуп келген. Бажы кызматкерлери алтынды текшерүү учурунда тапкан. «Ал төрт алтын куйманы корсетте жасалган чөнтөктөргө катып алып өтүүгө аракет кылган. Анын алтынга тиешелүү документтери болгон эмес», — деп айтылат … Читать далее Индияда кыргызстандык аял 7,5 кг алтын менен кармалды