Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Индияда кыргызстандык аял 7,5 кг алтын менен кармалды
28.10.2022 | 18:16
Кыргызстандык аял 7,5 кг алтын менен Индиянын Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортунда кармалды. Бул тууралуу Ommcom News жазды.
Маалыматка караганда, аял Кыргызстандан Нью-Делидеги аэропортко кечээ, 27-октябрда учуп келген. Бажы кызматкерлери алтынды текшерүү учурунда тапкан.
“Ал төрт алтын куйманы корсетте жасалган чөнтөктөргө катып алып өтүүгө аракет кылган. Анын алтынга тиешелүү документтери болгон эмес”, – деп айтылат маалыматта.
Бул окуя боюнча “алтын аткезчилиги” боюнча кылмыш иши козголгон. Жергиликтүү соттун чечими менен ал 14 күнгө камакка алынган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом