Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды

11.04.2026 | 11:00

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Түркиянын «Yapi Merkezi» компаниясынын өкүлдөрү жана Кыргыз жашыл инфраструктура фондунун жетекчилигинин жолугушуусу өттү. Анда транспорт жана энергетика тармактарын модернизациялоого багытталган долбоорлорду каржылоо механизмдери талкууланды.

Түрк тарап темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана тоннелдерди куруу боюнча тажрыйбасын тааныштырып, колдонулуучу технологияларды фонддун экологиялык талаптарына ылайыкташтырууга даярдыгын билдирди.

Мындан тышкары, инвестицияларды тартуу, техникалык тажрыйба алмашуу жана Кыргыз жашыл инфраструктура фондунун мүмкүнчүлүктөрү аркылуу каржылоо каналдарын түзүү маселелери каралды.

«Yapi Merkezi» компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин жана туруктуу өнүгүүнүн стандарттарын киргизүүгө даярдыгын ырасташты.

Scroll to Top