Ишкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды

14.02.2026 | 13:30

Ош шаарында өздөрүн укук коргоо органынын кызматкери катары тааныштырып, опузалоо жолу менен ишкерлерден акча алып жүрүшкөн деп бир нече жаран шектелүүдө. Алардын бири кармалды.

ИИМдин маалыматында, Оштогу укалоо салондордун бирине үч жаран келип, өздөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырышкан. Алар кызматтык күбөлүк көрсөтпөстөн тинтүү жүргүзүп, салондун ээсинен 32 миң сом алышкан.

Кийинчерээк шектүүлөрдүн бири жабырлануучудан кошумча 15 миң сом алган. Андан соң ал калкалоо кызматын убадалап, жума сайын 10 миң сомдон электрондук капчык аркылуу котортуп турган. Жабырлануучуга келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 77 миң сомду түзгөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүүлөрдүн бири 33 жаштагы К. уулу Н. кезектеги 10 миң сомду алып жаткан жеринен кармалды. Тергөөдө ал эч кандай милиция кызматкери эмес экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө уланууда.

Scroll to Top