Исхак Масалиев чуулгандуу иштерди кайра кароону сунуштады. 2020–2026-жылдардагы эң ири соттук процесстерди эске салабыз

17.02.2026 | 16:47

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев УКМКдагы кадрдык өзгөрүүлөрдүн фонунда акыркы жылдардагы резонанстуу кылмыш иштерин кайра кароо демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Масалиевдин айтымында, учурда УКМКнын жетекчилиги толугу менен жаңыланып, бир катар кызматкерлер кармалган. Буга байланыштуу саясатчы акыркы беш жылдагы эң чуулгандуу кылмыш иштерин кайра карай турган ведомстволор аралык комиссия түзүүнү сунуштады. Ал бул кадамдын жыйынтыгы күтүүсүз болушу мүмкүн экенин, бирок бул иш өтө зарыл экенин белгиледи.

Саясатчынын билдирүүсүнө байланыштуу Reporter.kg редакциясы 2020-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилде коомчулуктун көңүл борборунда болгон эң ири жана резонанстуу процесстерге сереп даярдады.

Камчыбек Асанбектин (Көлбаев) УКТсын жок кылуу жана кирешелерди легализациялоо

2023-жылдын 4-октябрында УКМК Бишкекте криминалдык авторитет Камчыбек Асанбекти (Көлбаев) кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Мекеменин маалыматы боюнча, кармоо учурунда шектүү куралдуу каршылык көрсөтүп, кайра кайтарылган ок менен жок кылынган. Бул уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) лидерлерине жана мүчөлөрүнө карата «Уюшкан топту түзүү» жана «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.

Тергөөдө мыйзамсыз жол менен табылган, баасы 1 миллиард АКШ долларынан ашкан активдер аныкталган. Камакка алынган мүлктөрдүн тизмесине кыймылсыз мүлк объекттери (анын ичинде курулуп жаткан «Ордо» турак жай комплекси), коммерциялык аянттар, жер тилкелери, кымбат баалуу унаалар жана асыл тукум жаныбарлар кирген. Бул активдер мамлекеттин балансына өткөрүлгөн. Муну менен катар УКТ мүчөсү катары каттоодо турган адамдар менен алдын алуу иштери жүргүзүлүп, алар криминалдык статусунан ачык баш тартышкан.

Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иштери

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата тергөө иштери эки этап менен жүрдү. 2020-жылы ал бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча кармалган. Тергөө менен кызматташуунун алкагында Матраимов мамлекетке 2 миллиард сом зыянды төлөп берген, андан соң сот ага айып пул салуу түрүндөгү жаза берген.

Экинчи этап 2023-жылдын аягында башталган. УКМК Матраимовго кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана Камчыбек Асанбектин УКТ ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү айыбын тагып, издөө жарыялаган. 2024-жылдын мартында мурдагы аткаминер Азербайжандын аймагынан Бишкекке алынып келинген. Тергөө учурунда Матраимовго жана анын жакындарына таандык кошумча мүлктөр, анын ичинде бажы терминалдары, соода борборлору, Ош жана Бишкек шаарларындагы турак жайлар мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн.

«Кумтөр» кени боюнча коррупцияны иликтөө

2021-жылы УКМК 1992-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде «Кумтөр» алтын кенин иштетүү боюнча келишимдерди түзүүдөгү коррупция фактылары боюнча бир катар кылмыш иштерин демилгелеген. Тергөө «Centerra Gold Inc.» компаниясынын кызыкчылыгы үчүн мамлекетке зыян келтирген чечимдерди кабыл алган кызмат адамдарынын аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерген.

Өзүнчө өндүрүш 2022-жылы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүккө карата башталган. УКМК аны күйүүчү-майлоочу майларды жана тетиктерди сатып алууда каржылык мыйзам бузууларга жол берген деп айыптап, мамлекетке келтирилген зыянды болжол менен 1 миллиард сомго баалаган. Зыяндын көпчүлүк бөлүгү төлөнгөндөн кийин бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

«Кемпир-Абад иши»

2022-жылдын октябрында тергөө органдары массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Анда 20дан ашык адам — «Кемпир-Абадды коргоо комитетине» кирген саясатчылар, жарандык активисттер жана блогерлер шектүү катары кармалган. Кармоолор Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо боюнча келишимди талкуулоо жана ратификациялоо учурунда болгон.

Тергөө версиясы боюнча, айыпталуучулар коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну жана бийликти күч менен басып алууну пландашкан. Соттук териштирүүлөр 2024-жылдын ортосуна чейин созулган. 2024-жылдын июнь айында Бишкектин райондук соту кылмыш курамы жок болгондуктан бардык айыпталуучуларга карата актоо өкүмүн чыгарган, бирок айыптоочу тарап жогорку инстанцияга апелляциялык даттануу менен кайрылган.

Курулуш секторундагы текшерүүлөр

2023–2024-жылдар аралыгында УКМК Бишкектеги курулуш компанияларынын ишмердүүлүгүнө масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Анда шаар куруу мыйзамдарын бузуу, жер тилкелерин мыйзамсыз алуу жана айрым куруучулардын уюшкан кылмыштуулук менен байланышы бар фактылар аныкталган.

Бир катар ири курулуш компанияларынын («Elite House», «Avangard Style» ж.б.) жетекчилери тергөө иштерине тартылган. Мекеменин ишинин натыйжасында куруучулар коммерциялык жана турак жай аянттарын мамлекеттин (тактап айтканда, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын) балансына өткөрүп беришкен, ошондой эле зыяндын ордун толтуруу катары социалдык инфратүзүмдөрдү куруу милдеттемелерин алышкан.

Адахан Мадумаровго карата кылмыш иши

2023-жылы «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Адахан Мадумаров кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ага 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол койгон протоколго байланыштуу «Мамлекеттик чыккынчылык» (кийинчерээк «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине өзгөртүлгөн) беренеси боюнча айып тагылган. Документ кыргыз-тажик чек арасындагы жер тилкесин (Төрт-Көчө) ижарага алууга тийиштүү болгон.

УКМК бул протоколго кол коюу мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келгенин билдирген. 2024-жылы сот Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан бошоткон. Соттун өкүмүнүн негизинде БШК аны депутаттык мандатынан ажыраткан.

Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо иши (Ташов жана Куренов)

2024-жылдын башында УКМК бийликти күч менен басып алуу аракетине бөгөт коюлганын кабарлаган. Негизги шектүүлөр катары «KG Group» курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов жана активист Тилекмат Куренов (өлкөдөн тышкары жүргөн) аталган.

Издөө жарыялангандан кийин, 2024-жылдын апрель айында Имамидин Ташов Чүй облусунун Панфилов районунда чек арадан өтүүгө аракет кылып жатканда кармалган. Тергөө ага бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды жасоо жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү айыптарын таккан. Мекеме тыңшалып алынган сүйлөшүүлөрдү жана башаламандыктарды каржылоо пландарын далил катары сунуштаган.

Токмоктун мурдагы мэри Нусувалиевдин иши

Муниципалдык органдарды «тазалоо» жана коррупция менен күрөшүү боюнча масштабдуу өнөктүктүн алкагында Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиев кармалды. Октябрь райондук сотунун чечими менен экс-калаа башчысы, анын кол алдындагы эки кызматкер жана подряддык уюмдун жетекчиси УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Эске салсак, чуулгандуу кармоо 24-июнда, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышкан чукул жыйын учурунда түздөн-түз мэриянын жыйындар залында болгон. Буга «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсы аткарып жаткан жаңы парктын курулушунун жана спорт мектебинин капиталдык оңдоосунун (келишимдин жалпы суммасы — 61 млн сомдон ашык) создуктурулушуна карата тургундардын даттануулары себеп болгон. Атайын кызматтар мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын бузулушун, иштердин көлөмүн жогорулатып көрсөтүүнү жана жалган отчетторду аныкташкан, бул кылмыш ишин козгоого негиз болгон.

2025-жылдын башына карата процесс териштирүү стадиясында турат, бирок экс-мэрдин жактоочуларынын билдирүүсүнө караганда, кырдаал эки ача пикир жаратууда. Алар мэр подрядчыга карата чара көрүү өтүнүчү менен УКМКга жана Каржы министрлигине 17 жолу расмий кайрылганын, бирок кайрылуулар көз жаздымда калып, кийин өзүн көмүскө бүтүмгө (сговор) айыпташканын билдиришүүдө. Ошондой эле жакындары 9 млн сомдук зыяндын түзүмүнө каршы чыгышууда. Алардын белгилешинче, анын 7 миллиону — бул иш жүзүндө паркка 700дөй жүк ташуучу унаа менен алынып келинген топурактын баасы. Эсептөө палатасы аны чектердин жана эсеп-фактуралардын жоктугунан улам гана эсепке алган эмес (Кыргызстанда топуракка андай документтерди алуу мүмкүн эмес), бирок комиссия объектте топурак бар экенин жазуу түрүндө тастыктаган.

Алымкадыр Бейшеналиевдин иши

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин (анын ичинде коррупция, опузалап акча талап кылуу жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча) козгогон. Негизги айып 2021-жылы 2,46 млн доза вакцинаны негизсиз сатып алууга байланыштуу болгон, андагы каражаттар офшорлорго чыгарылып кеткени айтылган. Мамлекетке келтирилген зыян 1,58 млрд сомго бааланган. Министр менен бирге анын орун басары жана тармактык борборлордун жетекчилери кармалган.

Адвокат Кайсын Абакиров кылмыш курамы жана материалдык зыян жок экенин билдирген. Анын маалыматы боюнча, өкмөттүн «Синофарм» вакциналарын сатып алууга жумшаган чыгымдары COVID-19га ыкчам чара көрүү долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан кайтарылып берилген. 13 млн 454 миң доллар өлчөмүндөгү түз төлөмдөр 2022-жылдын февраль-март айларында Финансы министрлигинин эсептерине түшкөн.

Сот Бейшеналиевдин жана башка айыпталуучулардын бөгөт коюу чарасын өзгөртүп, аларды камактан үй камагына чыгарган. Кийинчерээк 2023-жылдын сентябрь-октябрь айларында ага карата Башкы прокуратура тарабынан козголгон жети кылмыш иши тең токтотулганы белгилүү болгон. Ал эми Бейшеналиев өзү 2023-жылдын сентябрында кайрадан Саламаттык сактоо министри болуп дайындалып, 2025-жылдын февраль айынын башында гана кызматынан биротоло кеткен.

Эмил Жамгырчиевдин иши

2024-жылдын январында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев кол тийбестигинен ажыратылып, «чек арадан мыйзамсыз өтүү» айыбы менен камакка алынган.

Тергөө версиясы жана президенттин билдирүүсү боюнча, 2022-жылдын декабрында ал Өзбекстанга криминалдык авторитет Салим Абдувалиев («Салим Байбача») менен жолугушуу үчүн жашыруун өтүп барган. Андагы максаты — оппоненттерин жок кылууда анын колдоосун жана жардамын суроо болгон деп айтылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2025-жылдын 29-июлунда мурдагы депутат Эмил Жамгырчиевдин кылмыш ишин Башкы прокуратурага кайтарып берген. Мындай чечим кошумча тергөө аракеттерин жүргүзүү жана айыпты өзгөртүү же жаңы айыптоо актысын түзүү үчүн кабыл алынган. Эскерте кетсек, 2024-жылдын январында аны жоопко тартууга Жогорку Кеңеш макулдук бергенден кийин, депутат парламенттин имаратынын терезесинен секирип, качууга аракет кылган.

Теги: ГКНБ
Scroll to Top