Ислам тилектештик оюндары: Акжол Махмудов финалда

Ислам тилектештик оюндары: Акжол Махмудов финалда

Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) финалга чыкты.

Ал финалга чыгуу үчүн өзбекстандык спортчу менен күч сынашты. Беттештин биринчи бөлүгүндө Махмудов 0:5 эсебинде утулуп жатты. Бирок экинчи бөлүктө ал атаандашынан жеңишти сууруп кете алды.

Эскерте кетсек, грек-рим балбандарынан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) менен Амантур Исмаилов (67 кг) да финалга чыккан. Ал эми Атабек Азисбеков (87 кг) коло үчүн күрөшө турган болгон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ
Тэги: Күрөш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>