Июлдан тарта салыктар жана төгүмдөр QR-код же төлөм коду аркылуу гана төлөнөт

Июлдан тарта салыктар жана төгүмдөр QR-код же төлөм коду аркылуу гана төлөнөт

1-июлдан тарта салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салыктык эмес кирешелерди банктын кассалары аркылуу накталай түрдө төлөө төлөм коду же QR-код менен гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төлөө кодун же QR-кодду салык төлөөчү төмөнкү жолдор менен түзүп алса болот:

  • cabinet.salyk.kg сайтында Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Салык төлөө» бөлүмүнөн;
  • «Salyk.kg» мобилдик тиркемеси аркылуу;
  • Аймактык салык органындагы «бирдиктүү терезеден».

Салык кызматы бул жаңы тартип салык төлөө процессин жөнөкөйлөтүүгө жана бюджетке каражаттарды онлайн режиминде автоматтык түрдө өткөрүүгө багытталган кадам экенин билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>