Бишкекте дайынсыз жоголгон чек өлкөлүк Цэрендаш Монхзул изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 13-октябрда милицияга М.А. аттуу чет өлкөлүк аял кайрылып, 30 жаштагы мекендеши Цэрендаш Монхзул 12-октябрда болжол менен саат 16:00до Бишкектин Үмөталиев көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Белгилери: бою – 160-162 см, чач ачык күрөң түстө, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийими: ак футболка, көк жинсы, бутунда боз түстөгү спорттук бут кийим.
Милиция дайынсыз болуп жаткан Цэрендаш Монхзулду көргөндөр болсо 0( 312) 352-605, 0( 553) 102- 465, 0( 703) 501-600,0(553) 102-880, 0(502)250-815 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз