Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү боюнча мелдештин үчүнчү күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Репортер агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлады.
Маалыматка караганда, 18-сентябрга 3 оюн белгиленген. Эрте менен Талас облусунун улакчылары Ош облусун 7:2 эсеби менен артта калтырды. Андан кийин Бишкектин командасы Жалал-Абад облусун 7:1 эсеби менен жеңип алды.
Учүнчү оюнда Чүй облусунун улакчылары Ош шаарын 18:1 эсеби менен жеңип алышты.
Белгилей кетсек, көк-бөрү боюнча мелдешке Кыргызстандын жети дубанынан 9 команда катышууда.
Командалар чүчүкулак аркылуу үч тайпага бөлүнгөн.
«А» тобу: Ош облусу, Нарын облусу, Талас облусу;
«В» тобу: Бишкек шаары, Ысык-Көл облусу, Жалал-Абад облусу;
«С» тобу: Чүй облусу, Баткен облусу, Ош шаары.
Автор: Дилде Шатанова, сүрөт: Максат Боромбаев