Ош облусунун көк бөрү боюнча курама командасы Улуттук көчмөндөр оюндарынын жарым финалында Бишкек шаарынын командасын жеңип, финалдык таймашка жолдомо алганын кабарчыбыз жеринен билдирди.
Жалпысынан Оштуктар атаандаштарынын тай казанына 8 улак, салган. Анын бешөөнү Манас Ниязов таштаган. Ал эми Бишкектин командасынын куржунундагы 5 улактын төртөөнү Медет Апык уулу салган.
Түшкө чейин Чүй облусунун көк бөрүчүлөрү Талас командасын 5:2 эсеби менен жеңип, финалга өткөн.
Эми финалдык беттеште Ош — Чүй командалары баш байге үчүн ат салышат. Ал эми Талас облусу менен Бишкек шаарынын командалары коло байге үчүн күч сынашат. Оюндар 21-сентябрда, Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы стадиондо өтөт.
Автор: Аскарбек Сүйүнали уулу, сүрөт: Максат Боромбаев