Көчмөндөр оюнунун алкагында көк бөрү боюнча өтүп жаткан мелдеште Ош облусунун улакчылары Баткен облусун 3:2 эсеби менен жеңип жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Репортер агенттигин кабарчысы жеринен кабарлады.
Командалардын беттеши үчүнчү таймдын жыйынтыгы менен 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, кошумча берилген убакытта Оштун оюнчулары бир улак таштап жеңишке жетишкен.
Андан кийин Ош облусу Ысык-Көл облусунун улакчылары менен оюн өткөрүп, 3:2 эсеби менен артта калтырган.
Буга чейинки оюндардын жыйынтыгы менен Талас, Бишкек жана Чүй командалары түз эле жарым финалга чыккан.
Салморбек кызы Айтунук