Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарындагы спорттук иш чараларды өткөрүү үчүн мамлекеттен 6 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Жаштар иштери дене-тарбия жана спорт агентигинин жетекчисинин орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.
Ал белгилегендей, Көчмөндөр оюндарынын программасына ат чабыш, жорго салыш,көк-бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөш, салбуурун, ордо, тогуз коргоол ж.б. улуттук оюндар кирген.
Бөлүнгөң акчанын 1 миллион 500 миң сому спорттук байгелерине жумшалат.
Оюндардын байге фонду төмөндөгүчө:
Көк бөрүгө 500 миң сом;
Башка ат оюндарына 400 мин сом;
Салбуурунга 250 мин сом;
Башка оюндарга 100 мин сом бөлүнгөн.
Автор: Талантбек кызы Таалайгүл